Мырзагулов Абдрахман
Мырзагулов Абдрахман (1916, Кызыл-Токой айылы - 1984, ошол эле жер) - белгилүү комузчу, күүчү.
- Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу.
- 1955-жылдан райондук, облустук, республикалык кароо-конкурстарга катышып, бир нече жолу жеңүүчү болгон.
- 1980-жылы Фрунзе шаарында борбордук телекөрсөтүүдөн “Сабыр какты”, “Шаттык” ж.б.11 күүнү,
- 1983-жылы Фрунзеде 9 күү черткен.
- 1984-жылы анын автордук “Абдрахмандын камбарканы”, “Жангел кедей”, “Кыйың кезең”, “Чаткал ыргагы” ж.б.10 күүсү Кыргыз радиосунун Алтын фондуна жазылып алынган.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүЧаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6