Айтимбетова Мырзайым Кенжебековна

·     Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Каныш-Кыя айылында 1993-жылы 21-майда төрөлгөн. Үй-бүлөдө 1 уул, 2 кыз, эгиздин түгөйү. 2000-жылы Кайың-Суу орто мектебинин босогосун аттап, 2009-жылы ийгиликтүү бүтүргөн. Ошол эле 2009-жылы Ош соода экономикалык колледжинин Менеджмент жана финансы факультетинин «Салык жана салык салуу» адистигине тапшырып, 2012-жылы кесиптик атайын орто билим менен аяктаган. 2023-жылдан тартып Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде «Социалдык маданий ишмердүүлүк» адистиги боюнча билим алууда.

Сыйлыктары:

·     2015-жылы Баластан каналы уюштурган обонго жазылган ырлар сынагында «Жаңы жыл» ыры менен баш байгени багынткан. 2016-жылы «Казак Мыз» фирмасы уюштурган «Турмуштагы корпоративдик баалуулуктар» сынагында баш байгени жеңип алган. 2016-жылы республикалык «Мекенге таазим» поэзия сынагында 1-орунду ээлеген. 2019-жылы Эл аралык «Беш акын» теледолбооруна жигердүү катышканы үчүн ЭлТР МТРКнын Ардак грамотасы менен сыйланган. 2021-жылы КРнын эмгек сиңирген артисти Таттыбүбү Турсунбаеванын жаркын элесине арналган «Таттыбүбү кыргыз поэзиясында» сынагында 1-орунга татыган. 2021-жылы агартуучу, адабиятчы, педагог, илимпоз, филология илимдеринин доктору, мурдагы Билим берүү министри Каныбек Исаковдун жаркын элесине арналган «Исаков ырларда» поэзия сынагында 3-орунга жетишкен.

Кошумча маалымат:

·     2016-жылы Кыргызстан Жазуучулар союзунун атайын сунушу менен эң жаш мүчө катары кабыл алынган. 2017-жылы «Баш тартпас жол» аттуу поэтикалык китептин автору болгон. Акын-импровизатор. Үй-бүлөлүү, бир уул, бир кыздын энеси.[1][2]

  1. https://bars.media/?p=73825&lang=ky
  2. https://7tv.kg/meerimi-di-sagyndym-dep-chalyptyrsy-men-bir-g-zhubaj-bolgom-ukpady-by/