Мырзалиев Акылбек (10.6.1924-ж.т., Коргон-Сай кыштагы) - коомдук ишмер, райондун ардактуу атуулу.

  • Жалал-Абаддагы №1 айыл чарбасын механизациялаштыруу боюнча окуу жайын бүткөн (1961).
  • 1943-50-жылдары Коргон-Сай айылдык кеңешине финагент, жооптуу катчы,
  • 1950-53-жылдары Чаткал Мырзалиев А.
  • райкомунда инструктор,
  • 1953-5 8-жылдары Коргон-Сай айылдык кеңешинин төрагасы,
  • 1958-59-жылдары “Чаткал” совхозунун №1 сүт-товар фермасында эсепчи,
  • 1961-62 жана 1963-67-жылдары «Чаткал» совхозунун 1-бөлүмүндө бригадир-механик,
  • 1962-63-жылдары Чаткал райондук кооперация бөлүмүнүн №1-дүкөнүнүн башчысы,
  • 1967-74 жана 1977-81-жылдары Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы,
  • 1974-76-жылдары «Чаткал» совхозунун 1-бөлүмүнүн башкаруучусу,
  • 1976-77-жылдары Каныш-Кыя айылындагы №1-дүкөндүн башчысы,
  • 1981-83-жылдары «Башкы-Терек» совхозунун 1-бөлүмүнүн башкаруучусу,
  • 1983-84-жылдары “Каныш-Кыя” совхозунун директорунун орун басары,
  • 1984-85-жылдары Чаткал райкомунда комендант,
  • 1986-87-жылдары райондук коммуналдык чарбанын башчысы болуп иштеген.
  • Облустук, райондук жана айылдык кеңештердин бир нече жолку депутаты.
  • Айылдык карыялар сотунун төрагасы.
  • Медалдар жана грамоталар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6