Мырзалиев Арстанбек (15. 5. 1931-жылы туулган, азыркы Чүй облусу, Ысык-Ата району, Ысык-Ата айылы) – невропотолог, медицина илимдеринин доктору (1966), профессор (1967), Кыргыз ССР ИАнын академиги (1984). КММИни (1952), СССР МИАнын Н. Н. Бурденко атындагы Нейрохирургия институтунун аспирантурасын (1955–58) бүтүргөн. КММИде нерв оорулар кафедрасында ассистент, доцент, профессор, кафедра башчысы, 1978–87-жылы проректор, 1987–96-жылы ректор болуп иштеген. 1996-жылдан КММАда кафедра башчысы, Кыргыз ССРнин илимге эмгек сиңирген ишмери (1970), Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген врачы (1967). Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты (1989– 94). Негизги илимий эмгектери нерв системасынын сезгенүүсү жана шишиги, тукум куума жана кан тамырларынын өзгөрүшүнөн пайда болгон ооруларын диагноздоо, дарылоо жана алдын алуу маселелерине арналган. 210дон ашык илимий эмгеги, анын ичинен 6 монография, 15 окуу китеби жана окуу куралдары бар. Эмгектери: Сирингомиемия (в соавторстве). Ф., 1976; Радионуклеидные методы исследования в клинике сосудистых заболеваний головного мозга (в соавторстве). Ф., 1982; Клинические лекции по невропатологии. Б., 2001.

Колдонулган адабияттар түзөтүү