Мырзалиев Сатимбай атындагы орто мектеби

Мырзалиев Сатимбай атындагы орто мектеби Курулуш айылында жайгашкан. Чаткал райондук билим берүү бөлүмүнө карайт.

Алгач Н.Крупская атындагы 4 жылдык, кийин 7 жылдык, 1961-жылдан 8 жылдык, 1981-жылдан 10 жылдык орто мектеп, 1989-жылдан Сары-Булак орто мектеби, 2001-жылдан азыркы аталышта. 1- окуу корпусу 1961-жылы, 2 корпусу 1984-жылы курулган.

Учурда 35 мугалим эмгектенип (12 Кыргыз Республикасынын билим берүү отличниги), 282 окуучу билим алууда (2014 - 15). Алгачкы директору С.Сооронбаев, 1959 - 61-, жана 1980 - 86-жылдары Абдамитов Смайыл, 1964 - 68-жылдары Ж.Айдаров, 1968-80-жылдары М.Сейталиев, 1986-1991-жылдары С.Абылкасымова, 1991_1-96-жылдары А.Эргешов, 1996-2001-жылдары С.Абдылдаева, 2001-06-жылдары С.Чондоева, 2006-14-жылдары А.Абдыкалыков, 2014-жылдан А.Өскөнбаева жетектеп келет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6