Мюзик-холл (англис тилинде music-hall – концерт залы) – эстрада театрынын бир түрү. Алгачкы Мюзик-холл Лондонго жакын жерде Воксхоллдо ачылган. 1890-жылы Лондондо «Альгамбра» Мюзик-холлу пайда болуп, анда эстрадалык жана ири цирк артисттери катышкан, өзгөчө клоун оюндары ийгиликке ээ болгон. Башында бул оюндар көбүнчө жөнөкөй көрүүчүлөргө арналса, кийинчерээк европ. жана амер. Мюзик-холлдордо чектен ашкан тамашалар, шаан-шөкөттөр, адепсиздик, эротика көп орун ала баштаган. Россияда 1923-жылы Москва багындагы «Аквариумда» ачылган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү