Мюллериоз
Мюллериоз (Mülleriosis) – кой, эчки жана кээ бир кепшөөчү жапайы айбанаттардын (мисалы, муфлон) гельминтоз ылаңы. Ылаңды Müllerius capillaris жумуру курту пайда кылат. Курт өпкөнүн паренхима, бронх жана альвеолаларында мителейт. Кой-эчки илдетке чалдыккан үлүлдү жегенде ылаңдайт. Личинкалар лимфа жана кан аркылуу өпкөгө өтүп, 2–2,5 айда жетилет. Ылаң КМШ өлкөлөрүнүн Европа бөлүгү менен Кавказда көбүрөөк кездешет. Ылаңдын белгилери: мал кургак жөткүрүп, бат-бат дем алат; денеси ысыйт; арыктай баштайт. Дарылоо: тери астына же булчуңга дитразиндин суудагы эритмеси куюлат, ошондой эле туздуу кычкыл эметиндин 1– 2%түү эритмеси жана йодинол колдонулат. Алдын алуу үчүн эгилме жайыттарды түзүү, жайытты ар бир 25 күндө которуп туруу; ылаңга чалдыккан малды гельминтсиздөө.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7