Мюнхен макулдашуусу (1938)Чехословакияны бөлүү жөнүндө 1938-жылы 29-сентябрда Мюнхенде жетишилген макулдашуу. Ага Улуу Британиянын премьер-министри И. Чемберлен, Франциянын премьер-министри Э. Даладье, Германия жана Италиянын фашисттик диктаторлору А. Гитлер жана Б.Муссолини кол койгон. Аны АКШ толук колдоп, Чехословакиянын буржуазиялык өкмөтү да кабыл алган. Мюнхен макулдашуусу боюнча Улуу Британия жана Франция өкмөттөрү Чехословакиянын Судет облусунун 1938-жылдын 1-октябрынан 10-октябрына чейин Германияга кошулганына макул болушуп, Германиянын Чехословакияны толук басып алышына, андан соң Экинчи дүйнөлүк согушту баштоосуна мүмкүнчүлүк берген. Улуу державалардан Советтер Союзу гана Мюнхен макулдашуусуна каршы чыгып, Чехословакиянын көз карандысыздыгын жана улуттук укугун жактаган. Совет өкмөтү агрессияга сокку уруу максатында (1935-жылдагы совет-чехословак пактысына ылайык) аскер жагынан да жардам берүүгө даяр экенин билдирген. Бирок Чехословакия өкмөтү буржуазиянын кызыкчылыгын көздөп, СССРге жардам сурап кайрылбай, баскынчыларга баш ийип берген. 30-сентябрда Чехословакия өкмөтү мамлекеттик улуттук чогулуштун макулдугусуз эле мюнхендик диктатты кабыл алган. Мюнхен макулдашуусу аркылуу Улуу Британия жана Франция фашисттик Германия менен макулдашып, фашисттик агрессияны Батыштан алыстатып, Чыгышты көздөй, алгач СССРге каршы багыттоого аракеттенишкен. Кийин «Мюнхен» деген сөз агрессияга дем берүүчү тышкы саясат багытын туюндурган ылакап сөзгө айланган. Чехословакия жана Германия Федеративдик Республикасы келишими (1973, декабрь) боюнча Мюнхен макулдашуусу жокко чыгарылган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү