Элдик көркөм кол өнөрчүлүгүндөгү устачылыктын бир түрү. Мүйүз устанын аспап-куралдары башка чеберлерден анча айырмаланбайт. Зергерчиликке таандык: кол араа, балка, ийди (ийги), үшкү (көзөгүч), бычак, үрпү, өгөө өңдүүлөр кирет. Элдик салттуу мүйүз буюмдарына өз бетинче узануу аракеттери чынында басаңдап баратат. Бүгүнкү чеберлер — мүйүз усталар атайын өнөр жай негизинде биргелешип иштөө аркылуу жалаң белек-бечкектерди чыгарышып, алар дүкөндөргө такай чыгып, чет мамлекеттерге дейре жөнөтүлүүдө. Малдын жана кайберендердин мүйүзүнөн чеберлер турмуш-тиричиликке таандык мүйүз тарак, мүйүз чакча, ат тушамыш, желенин тээги, камчынын, бычактын сабы, түндүктүн чамгарагы, ордо оюнуна абалак, кыз-келиндердин асем үлгүлөрү жасалган. «Картык» да жасап, бул элдик табыпчылыкта оорулуудан кан чегүүгө, бүткөн боюна жел турганда соруп алууга мүмкүн кадимки банка койгондой аспап болгон. Анан «наштар» жасап, бузук канды сордурган. Ок-дарылардын нымдан, ысыктан сактап, дайыма белдеги курда жүрүчү «куту» да мүйүздөн болот. Бүркүт кондуруу үчүн балдак болгон. Азыр бул өнөрдүн элдик мүнөзгө эгедер жактары бара-бара басаңдоодо. «Кыял» жана «Мурас» элдик көркөм кол өнөрчүлүк бирикмелеринде, Кыргыз ССР Театрлар Коомунун өндүрүштүк өнөрканаларында «чакча», «тоо теке», «бүркүт», «гүл салгыч», «ваза» өңдүү белектер атайын үлгүлөр аркылуу арбын чыгарылууда. Мындай түрдүү буюм-белектердин кайсынысын кантип даярдап, кандайча кылып жасоо керектигин мүйүз өзүнүн ички мүмкүнчүлүктөрүн өзүнөн-өзү «айтып берип» турат. Мүйүздүн бири-бирине окшобогон табияты бар. Ал кооз көрүнүштөрдү чеберге алмак-салмак айкалыштырып бирдеме жасай берүүгө ишенимдүү жөлөк болот. Кыз-келиндердин мүйүздөн жасалгалары сөйкө, желбирөөч, билерик, шакек, оймок, чолпу, тарак, чач бастыргыч, түймө-тор токуучу иймек, төөнөгүч, бой тумар, ачкыч илгич, бут кийимди кийүүчү кашыкча, мындан сырткары чакча өңдүүлөр төрт-беш түрлөнүп кармалат. Буларды өзүнчө чыгаруучу формаларын бири-бирине окшоштурбай кармоочу чеберлер бар. Акыйкатта, мүйүзгө жана сөөккө күмүш, жез, мис, нейзильбер, мельхиор, датчалбас өңдүү түстүү металлдарды чабуу аракеттеринин аягы тыйылып баратышы адамды тынчсыздандырбай койбойт. Зер мүйүздүн да, сөөктүн да, жыгачтын да, көндүн да, ширинин да жүзүн ачат. Буларга элдик көркөм оюм түшүрүүдө нукуралыктар анча баамдалбай баратат. Буюм бетине «тап бердирип» (чала чарпып кооздук түшүрүү) эле коюу жөрөлгөлөрү көрүнүүдө. Чеберлер муну майдалата кылдат «кыялданта» берүүгө машыгууда. Көркөм оюм улам майдаланып барган сайын чебердин кылдаттыктары артылып отурат. Кичине, чакан белек-бечкектерге майда оюм-чийимдер гана жарашык бере алат. Аны калыпка куюп берүүгө да оңтойлуу болот. Мүйүзчүлөр элге эң керектүү эле буюм-тайымдар менен чектелбей, уникалдуу үлгүлөрдү жаратуулары зарыл. Мындай узануу чебердин аракеттерине чыгармачылык шык кошот. Үлгүлөр көргөзмөлөргө, кароо-сынактарга коюуга шартташат. Усталар алардын түбөлүктүүлүгү үчүн кам көрүүлөрү тийиш. Сөөк менен мүйүздү иштетүүдө мурунку салттуулукту сактоо менен бүгүнкү шартка жараша тема таба билүү аракеттери сүрөтчү-прикладниктерде жана чеберлерде бар. Сөөктөн ваза жасоо өзүнчө жүз берип, көрүнө турган жасалга буюмдук да, колдонмолук да мааниси бар. Даярдалган сөөккө буюмдун түрүн чийип алып, ошол боюнча өгөөлөп, элдик оюм-чийимдерди түшүрүү үчүн чеберлер (бор машинасын, чийип бере турган медициналык аспап) колдонушат. Демек, оюмду берүүдө анын үлгүсүн кагазга түшүрүп, же сөөктүн бетине карандаш аркылуу дааналап алат. Буюм бетине «жагалмай канат» жана «мүйүз оюмдарын» арбын берүү үчүн «кочкор мүйүз оюмунун» алдынан «жагалмай канат оюму» орун алып, түшүрүлгөн кооздуктар таза, так, ич ара төп айкалышат. «Карандаш салгыч», Азия, Африка өлкөлөрүнө таандык эски мунаралардын жакшынакай тарыхый кооздуктары сакталган нерселер чыгып жатат. «Сөөк кутучасындагы» «ит куйрук» оюмдун ортосуна жалбырак, гүл түшүрүүлөр бар. Аны андай кылбай «мүйүз оюм», «карга тырмак» өңдүүлөрдү берип, буюмдун түпкүрчүндө «кочкор мүйүз оюмун», «кыял оюму» менен айкалыштыруу сөөк да элдик көркөмдүктү кабыл алаарын көрсөтөт.

Маалыматтын булагы түзөтүү

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)