Мүсүралиев, Камчыбек (1940, Чүй облусу, Аламүдүн р-ну, Арчалы кыштагы – геолог, Кыргыз ССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1980). Фрунзе политехника ин-тун (1965), Ташкендеги жогорку партиялык мектепти (1974) бүткөн. Акдөбө (Казакстан) комплекстүү геол. экспедициясынын Борлин, Түштүк Мугожар партияларынын техник-геологу, геологу, улук геологу (1965–67), Орто Азия мамлекеттик долборлоо ин-тунун №2 изилдөөчү экспедициясында инженер, улук инженер (1967–70), Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Таш-Көмүр шаардык комитетинин транспорт өнөр жай бөлүмүнүн башчысы, комсомолдун Таш-Көмүр шаардык комитетинин катчысы (1970–72), Кыргызстан КП Ош областык комитетинин транспорттук өнөр жай бөлүмүнүн инструктору (1974–78), Түштүк Кыргызстан геол. экспедициясынын начальниги (1978–87), Кыргыз комплекстүү гидрогеол. экспедициясынын Калинин, Сокулук партияларынын начальниги (1987–93), 1993-жылдан Кыргыз комплекстүү гидрогеол экспедициясынын начальниги.

Колдонулган адабияттар түзөтүү