Мөмөсү түктүү тыйынчанак

Мөмөсү түктүү тыйынчанак (лат. Hedysarum chaitocarpum, Regel et Schmalh) - Сабагы түксүз, жан жалбырактары биригип өскөн, бийиктиги 60 см ге чейин жеткен көп жылдык чөп өсүмдүк. Жалбыракчалары 3-8 жуп, сүйрү же эллипстей, узундугу 45 мм ге, туурасы 22 мм ге чейин жетет. Топ гүлү жыш чачыктай, ар тараптуу жайгашкан 20-30 гүлдөн турат. Чөйчөкчөсү желекчесинен бир топ кыска, желекчесинин узундугу 22 мм ге жетет, күлгүн-кызыл, чанагы 3-5 бөлүктөн турат. Мөмөсүнүн сырты туурасынан майда кырдуу, алар ичке катуу түктүү. Кээде мөмөсүндө түктөрү жетилбегендери кездешет.

Биологиялык өзгөчөлүктөрү түзөтүү

Июнда гүлдөп, июлң-августта мөмөлөйт. Уругу аркылуу көбөйөт.

Жалпы жана өлкөдө таралышы түзөтүү

Чаткал, Узунакмат, Фергана жана Алай тоо кыркалары (Ачы, Гава токой чарбалары, Сарычелек коругу, Карашоро суусунун бассейни, Арсланбап шаркыратмасынын жаны).

Өсүү шарттары түзөтүү

Жаңгак жана башка жазы жалбырактуу токойлордун, бадалдардын арасы, бийик чөптүү жана субалңпы алкагына чейинки шалбаалар.

Саны түзөтүү

Чанда жалгыздан, кээде топтошуп учурайт. Мурунку убактарда кеңири таралган.

Чектөөчү факторлор түзөтүү

Токойлорго жалпысынан антропогендик таасирлердин кесепети, чөп чабуу.

Өстүрүү түзөтүү

Маалымат жок.

Уюштурулган коргоо аракеттери түзөтүү

Атайын коргоо чаралары иштелип чыккан эмес. Кыргыз ССРинин Кызыл китебине (1985) киргизилген.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер түзөтүү

Санын тактап, ареалын аныктап, түр кеңири кездешкен жерлерде ботаникалык заказник уюштуруу. Атайлап өстүрүү боюнча иштерди жүргүзүү зарыл.

Статусу түзөтүү

EN. Жаңгак-мөмө токойлорунда кездешкен эндем, реликт түр.

Колдонулган адабияттар түзөтүү