Мөнгү Нарын, капчыгайы Нарын дарыясын бойлото Кетмен Төбө өрөөнүнөн Таш-Көмүр шаарына чейин созулуп жатат. Узундугу 80 кмдей. Капчыгай девон-карбондун жана юранын акиташ, кумдук, конгломерат, чопо жана метаморфизмделген сланец тектеринен турат. Дарыя Кочкордөбө, Исфан-жайлоо, Чокет, Чак (сол жээк) жана Атойнок, Суук, Жалгызкыр (оң жээк) тоолорун кесип өтөт. Дарыя жээгинин айрым бөлүгүндө байыркы төртүнчүлүк мезгилдин тектеринин калдыктары бар. Капчыгайдын таманынын деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 670 м. Сол жээгиндеги тоолордун орточо бийиктиги 2060м, оң жээгиндегиники 1970 м (суунун нугунан 1300–1400м бийик жайгашкан). Капчыгайдын кууш келген бөлүгү Токтогул ГЭСинин тосмосунан батышты көздөй 20 кмге созулат. Тосмодон чыгышты көздөй капчыгай 600– 800м кеңейет. Капчыгайдын капталдары тик жана аскалуу келип, майда терең өрөөндөр менен тилмеленген; сел жүрөт. Түштүк капталы шагылдуу келип, каксоо, жарым чөл ландшафты басымдуу. Түн. капталында бадал, арча кездешет. Нуктун оң жана сол жээктери менен Бишкек–Ош жолу өтөт. Капчыгайдын төмөнкү бөлүгүндө Күрпсай, Шамалдысай, Ташкөмүр ГЭСтери курулган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү