Мөңгү пастинакопсиси (лат. Pastinacopsis glacialis, Golosk) - Көп жылдык поликарптык өсүмдүк. Көп сандаган сабактарынын түбүнүн диаметри 2-3 мм, көпчүлүк учурда ийилген, жерге жапырылган, көтөрүңкү, ичке-бороздуу, оркойгон ак булалуу, сыя-көк, түбүнөн ачаланган. Жалбырактары негизинен тамыр моюнчалуу, түктүү, пластинкасы түгөйсүз канаттай тилкелүү, узундугу 2-5 см, туурасы 1,5-2,0 см, жалпы көрүнүшү жумуртка сымал. Бөлүкчөлөрүнүн саны 3-6, 8-16 мм, туурасы 6-12 мм, тегерек-жумуртка сымал же жүрөк сымал, кээде түп жагы шынаадай, кырлары тишчелүү, учу томолок. Чатырынын диаметри 2-3 см келген узун саптуу, 4-7 бири-бирине тең оркойгон булалуу нурдуу. Нурларынын узундугу 1,5 см ге жетет, ороочтору жок же 3- 4 кыска, үч бурчтуу же сызгычтай түктүү жалбыракчалуу. Чатырча топ гүлү 4-8-гүлдүү. Ороочтору жана ороочолору бар. Желекчелери кызгылтым-сыя, жонунан ак булалуу, учу шуштугуй, ичин карай ийилген. Чаңдыгы сары. Мөмөсү жалпак, тегерек, узуну жана туурасы 5-6 мм, түктүү, жиптей ичке жана канатчадай кырдуу. Мезокарпийи жакшы өрчүгөн, жыгачтанган, булаланган клеткалардан турат.

Биологиялык өзгөчөлүктөрү түзөтүү

Уругу аркылуу гана көбөйөт, уруктары ар жылы эле быша бербейт. Июнң-августта гүлдөп, август-сентябрда мөмөлөйт. Мезофит.

Жалпы жана өлкөдө таралышы. Орто Азия, Батыш Кытай (Синдзяц). Түндүк Тянңшанң, Заилийск Алатоосу жана Кыргыз Алатоосу (Шамшы жана Чоңкурчак капчыгайлары).

Өсүү шарттары түзөтүү

Алңпы жана нивалдык тоо алкактарынын деңиз деңгээлинен 3000-3500 м бийиктиктери, мөңгүлөрдүн чети, эшилме майда таштуу шагылдар, таштуу түштүк беттер.

Саны түзөтүү

Өтө аз, таптакыр жоголуп кетүүсү мүмкүн.

Чектөөчү факторлор түзөтүү

Аз санда жана чектелген ареалда өскөндүктөн, жок болуп кетиши ыктымал.

Өстүрүү түзөтүү

Өстүрүлбөйт.

Уюштурулган коргоо аракеттери түзөтүү

Казак ССРинин Кызыл китебине (1981), СССРдин Кызыл китебине (1984) киргизилген.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер түзөтүү

Корук режимин сактоо. Кыргыз тоо кыркасындагы Шамшы суусунун башатында обочолонгон түрдүн ареалында заказник уюштуруу керек, анткени ал жерде табигый токой жана бийик тоолуу өсүмдүктөр жакшы сакталып калган.

Статусу түзөтүү

EN. Түндүк Тянңшандын монотиптүү тукумунун сейрек кездешкен эндем түрү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү