Мусоргский Модест Петрович

М. П. Мусоргский‎»‎ барагынан багытталды)

Мусоргский Модест Петрович [9(21). 3. 1839, Псков губерниясы, Карев кыштагы, азыркы Псков облусу, Куньинский району – 16 (28). 3. 1881, Санкт-Петербург] – орус композитору. «Кубаттуу топтун» мүчөсү. 6 жашында фортепианодо ойноого үйрөнгөн. 1849-жылы Петербургдагы Петропавловский, 1852–56-жылы Гвардия подпрапорщиктер мектебинде окуган. Фортепиано үчүн жазган алгачкы «Подпрапорщик» полькасы 1852-жылы жарык көргөн. М. 1856–57-жылы А. Даргомыжский, В. Стасов, М. Балакирев менен таанышкан. 1858-жылы аскердик кызматтан бошоп, М. Балакиревдин жетекчилиги менен композицияны өздөштүргөн. 1863–66-жылы «Саламбо» операсынын (Г. Флобердин романы боюнча, бүтпөгөн) үстүндө иштеген. 60-жылдары реалист композитор катары калыптанып, Н. А. Некрасов, Т. Г. Шевченко, А. Н. Островскийдин сөзүнө ыр жана романстар жараткан. Ал дүйнөлүк музыка өнөрүнүн тарыхындагы эң көрүнүктүү чыгарма «Борис Годунов» операсынын (А. С. Пушкиндин трагедиясына жазган, 1869; 1874-жылы Мария театрында коюлган) жана бир катар вокалдык циклдер, фортепиано үчүн сюита жана башкаларчыгармалардын автору. Бүтпөгөн «Хованщина» операсын Н. Римский-Корсаков, «Сорочинскидеги жармаңке операсын» А. Лядов, Ц. Кюи жана башкалар. бүтүргөн. «Борис Годунов» операсын Римский Корсаков (1896), композитор Д. Шостакович (1959) кайра редакциялаган. «Борис Годунов» операсы Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында коюлган (1960).

Колдонулган адабияттар түзөтүү