Наам - ишканалар, мекемелер, колхоздор тарабынан белгиленип, жеке адамдын, коллективдин сиңирген эмгегин же профессиялык, кызматтык, ж. б. кесиптеги артыкчылыгын официалдуу күбөлөндүрүүчү атак.

Наамды берүү, андан ажыратуу жанa ага байланышкан укук милдеттерин белгилөө тартиби закондо көрсөтүлгөн. Ардак, аскердик, ил., атайын Наамдар, персоналдык, спорттук жанa ар кандай сыйлыктардын, конкурстардын лауреаттарынын, о. эле соц. мелдештин жыйынтыктары боюнча да Наамдар бар. Прокуратуранын прокурор жана тергөөчү кызматкерлерге берилүүчү Наамы класстык чин, Тышкы иштер мин-восунун чет мамлекеттердеги дипл. кызматкерлерине, элчилерге, миссияларына берилүүчү Наамдар дипломатиялык рангдар деп аталат.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.