Наама, нааме (иран тилинде – кат, жазуу, китеп, чыгарма) – эпистолярдык форманын бир түрү, бирөөгө жөнөтүү үчүн атайы арналып жазылат. Бул форма көбүнчө тажик-фарсы, өзбек жана башка түрк элдерине тиешелүү. Мисалы,салам наама кат жаздым, сагынып сага баралбай (Тоголок Молдо). Дүйнөлүк адабий прогресске өз салымдарын кошкон Хорезми, Амири, Фирдоуси, Бабурдун чыгармалары наама формасында жазылган (мисалы,«Бабур нааме», «Шах нааме» жана башка). Наама бүтүн чыгарма же бир чыгарманын үзүндүсү болушу да мүмкүн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү