Набатей падышалыгы, Наба­тея — азыркы Иордания аймагында жашаган байыркы набатейлердин (араб урууларынын бир тобу) мамлекети.

  • Б. з. ч. 3-кылымдын аягы — б. з. 106-жылында өкүм сүргөн.
  • Б. з. ч. 3- кылымдын аягы — 2-кылымдын башына чейин Птолемей Египетинин таасиринде болгон.
  • Падыша Харитат III (б. з. ч. 8762-ж.) тушунда Дамаск шаарын караткан.
  • Набатейлер б. з. ч. 1-кылымдын 60-жылдарынын аягынан Римге букара болуп, Римдин согуш экспедицияларына катышкан.
  • Набатей падышалыгы падыша Ха­ритат IV тушунда (б. з. 9—40-ж.) өнүгүү чегине жеткен.
  • Б. з. 106-ж. Набатей падышалыгын Рим императору Траян басып алып, аймагында Римдин Аравия провинциясы түзүлгөн.
  • Борбору Петра шаарынан (б. з. ч. 3-кылымдын аягы — б. з. 1- кылымынын башындагы), анын түн. тарабындагы Хирбет-Таннур (Иордания аймагы, б. з. ч. 1-к.— б. з. 2-к.) ж. б. жерлерден Набатей падышалыгынын эстеликтери табылган.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.