Новатордук(лат. – жаңыланып туруучу), жаңычылык – адабият жана искусстводо сөз чеберлеринин окурмандардын өсүп бара жаткан талабына ылайык келген, жалпы эле ошол элдин көркөм процессине кошулган мазмун жана формалык жактан жаратылган жаңылыгы, көркөм ачылышы, табылгасы. Жаңычылык мурдагы адабий салттарды танып, жокко чыгарбайт, тескерисинче, ага таянат, жаңы шартка ылайык өздөштүрөт. Новатордук түшүнүгү жеке жазуучунун же жеке бир конкреттүү мезгилдеги адабияттын өнүгүшү менен тыгыз байланышта каралат.

Кыргыз адабиятын биз Новатордук адабият дейбиз, анткени анын алдыңкы өкүлдөрү, биринчиден, турмуш көрүнүштөрүн терең өздөштүрүштү жана чыгармалары үчүн бул нерсени баалуу булак кылып пайдаланышты, экинчиден, элдик оозеки чыгармачылыктын жана элдик ырчылардын ыр, поэмаларынын салттарын, үчүнчүдөн, дүйнө адабияттын, боордош элдердин адабияттарынын прогрессчил жактарын өздөштүрүштү жана өздөрүнүн жекече жаңы табылгаларын кошту. Кыргыз поэзиясын Ж. Турусбеков саясий публицистикалык ыр-поэмалары, ыр түзүлүшүндөгү жаңычылыктары менен байытса, А. Осмонов философия ойлору терең, конкреттүү жана романтикалуу стили менен андан ары поэзиябыздын диапазонун кеңитти. С. Эралиев болсо эркин ыр формасынын кыргыз поэзиясында биротоло жашап калышын өз изденүүлөрү менен далилдеп берди, албетте, булар алардын новаторлугун белгилөөчү шарттар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү