Навигация (лат. navigatio - кемеде сүзүп жүрөм) - 1) деңизде сүзүү, кеме менен жүрүүчүлүк; 2) жергиликтүү аба ырайынын шартына жараша кеме менен жүрүүгө мүмкүн болгон жыл мезгили; 3) кеме башкаруунун теориялык негизин, практикалык ыктарын иштеп чыгуучу кеме башкаруу илиминин бөлүмү; 4) аэронавигация - учуучу аппараттарды (самолёт, вертолёт, ракета жана башка) айдоо, учуруу, башкаруу методу жана каражаттары жөнүндөгү илим. Деңиз навигациясы эзелтен белгилүү. Азыркы деңиз навигациясынын милдеттери: кеменин коопсуз жана ыңгайлуу жолун тандоо, навигациялык аспаптар жана приборлор менен анын жүрүү багытын, ордун, басып өткөн жолунун узундугун аныктоо; сырткы таасирлерге жараша кеменин жүрүү багытынын өзгөрүшүн эсепке алуу; кеме башкаруунун ыңгайлуу картографиялык проекцияларын изилдөө, тандоо жана аларга карата аналитикалык жана графикалык ыкмалар менен навигация маселелерин чечүү. Навигациянын төмөнкү түрлөрү бар: автомобиль навигациясы, асир навигация, бионавигация, аба навигациясы, инерциялык навигация, маалымат навигациясы, космостун навигациясы, деңиз навигациясы, радионавигация, спутник навигациясы, жер астындагы навигацияда радиоэлектрондук түзүлүшаарынавигатор (навигациялык жабдык) пайдаланылат.

Булактар түзөтүү