Назаркул Эшенкул уулу Сейдиракманов

Назаркул Эшенкул уулу Сейдиракманов (1951, Талас району, Данбагар айылы) ― манасчы, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясынын манасчы-солисти.
Ар түрдү аймактык мектептердин ыкма-каражаттарын чыгармачылык электен өткөрүп, терең өздөштүрүүнүн натыйжасында синтездештирилген, өзүнчө речитативдүү обону бар ыкмага ээ болгон айтуучу катары белгилүү. «Манас» айтып калышын Н. да түш көрүү салты менен байланыштырат. «Манасты» бала кезинде эле айта баштаган. Өзүн көрбөгөнү, түздөн-түз анын таалимин албаганы менен улуу манасчы Саякбайды насаатчым деп эсептейт.
Н. «Манастын» үч бөлүмүн тең айтат. Анын варианты өзүнө таандык өзгөчөлүктөргө ээ болуу менен негизинен Саякбайдын вариантына жакын.