Назаров Мадамин (1933-жылы төрөлгөн,) 1955-жылы Оштогу педагогикалык институтунун физикаматематика факультетин бүтүргөн. 1971-ж. педагогика илимдеринин кандидаты деген илимий даражага ээ болгон. Жаш муундарды, келечектеги педагогдорду тарбиялоодогу эмгеги мамлекет тарабынан жогору бааланып, 1970-ж. «Эмгектеги каармандыгы үчүн» медалы, 1972-ж. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланган. Ошондой эле 1971-ж. «СССР жогорку окуу жайларынын отличниги», 1977-ж. «Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниги», 1984-ж. «СССРдин эл агартуусунун отличниги» деген ардактуу наамдарга татыктуу болгон. 1965–1982-жылдары Ош мамлекеттик институтунун кафедранын башчысы болуп эмгектенген. Ага 1976-ж. доцент, 1990-ж. профессор окумуштуулук наамдары ыйгарылып, профессор Назаровдун жетекчилиги менен бир нече аспиранттар кандидаттык диссертациясын коргогон.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004