Назаров мөңгүсүЧоң Алай кырка тоосунун түн. капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 7,0 км, аянты 6,1 км2, көлөмү 0,25 км3.

Кызылсуунун сол куймасы Кызылагындын алабында жайгашкан. Башы деңиз деңг. 6000 м, этеги 4100 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4500 м, абляция облусунун аянты 1,5 км2. Мөңгүдөн башталган суу Жанайдартакка (Кызылагындын башаты) оң тараптан куят.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2