Найза ыргытмай
Шарты
түзөтүүОюнчулардын саны 2—5 киши.
Оюн талаада өткөрүлөт,
Оюнда жыгачтан жасалган найзалар колдонулат.
Оюнга даярдануу
түзөтүүУзундугу 15—20 м., ээни2—3 м. келген өткөөл (коридор) жана өткөөлдүн акырына сызык сызылат. Андан кийин оюнчулар оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.
Оюндун баяны
түзөтүүОюнчулар кезектери келгенде, бирден колдоруна найзаларын алышып, өткөөлдө бир аз күүлөнүп жүгүрүшкөндөн кийин, туурасынан сызылган сызыкты тепсебей туруп «найзаларын» алыстыкка ыргытышат. Оюн, оюнчулар каалаган убакытка чейин уланышы мүмкүн. «Найзаны алыстыкка ыргыткан оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.
Оюндун башка түрү
түзөтүүБакан ыргытмай, уук ыргытмай, күрөк ыргытмай, илип ыргытмай.
Оюндун эрежеси
түзөтүүБир бирине жакын турууга, тоскоолдук кылууга, талаада турууга болбойт.
Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда күч, ийилчээктикке тарбияланат, ыргытуунун ыкмаларын үйрөтөт.