Накай - байыркы кыргыз термини. Нака + й: - й көптүк маанинин аныктаган байыркы аффикс. «Нага», «нагай», «нахай» хакас тилинде: 1. Салык, аң - тери түрүндөгү натуралай салык; 2. Тыйын чычкандын 50 даана аң терисинен турган таңгак, тизмек маанисин туюнтат. Энесайлык кыргыздарда тыйын чычкандын териси өз ара жана кошуна элдер менен жүргөн соодалашууда акча бирдигинин ролун аткарган. «Тыйын» термини соода алакаларынын негизинде аң теринин аталышынан улам келип чыккан. Накай - кушчу уруусунун курамындагы ири уруктун аталышы катары белгилүү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү