Наливкин, Дмитрий Васильевич

Наливкин, Дмитрий Васильевич (13.25.1889, Петербург ш. – 1982, Москва ш.) – геолог ж-а палеонтолог, СССР ИАнын академиги (1946; корреспондент мүчөсү, 1933), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1963). Петрограддагы тоо-кен ин-тун бүткөн (1915), 1920-жылдан анда профессор, 1907-жылдан Геолкомдо иштеген. 1946-52-ж. СССР ИА Түркмөн филиалынын Президиумунда төрөга, 1946-52-ж. СССР ИАнын көлтаануу лабораториясынын директору, 1954-жылдан СССР ИАнын стратиграфиялык комитетинин төрагасы. Негизги илимий эмгектери Урал ж-а Орто Азиядагы, Чыгыш Европа платформасындагы палеозойдун стратиграфиясы, палеонтологиясы, палеогеографиясы менен кен байлыктарына арналган. Орто Азиянын аймагын, түндүк, борбордук (Теңиртоо) ж-а түштүк (Памир) тоо догоолоруна бөлүп, мындай геол. райондоштуруунун керектигин алгач көрсөткөн. СССР мамлекеттик сыйлыгынын (1946) ж-а Лениндик сыйлыгынын лауреаты (1957). Төрт Ленин ордени, башка 3 орден ж-а медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү