Намасаалы Ажыбеков
Ажыбеков Намасаалы (1932-ж. туулган, 8-Март кыштагы) - эмгек ардагери.
- Айыл чарба институтунун зоотехника инженерия факультетин бүтүргөн.
- 194752-жылдары мал чарбасында, 1953-жылдан Сокулук районундагы «Победа» колхозунда эсепчи, 1961-жылдан ошол эле колхоздо Суусамыр бөлүмүнүн жетекчиси болуп эмгектенген.
- 1962-65-жылдары мал чарба тармагында ар кандай кызматтарды аркалаган.
- 1966-70-жылдары кайрадан «Победа» колхозунда Суусамыр бөлүмүнүн жетекчиси болгон.
- 1970-95-жылдары Сокулук районунун «Победа» колхозунда мал чарба фермасын башкарган.
- Ошол жылдары ферма ар жүз тубар койдон 95тен 115 козуга чейин төл, ар бир койдон з, 2 кгдан 4,2 кгга чейин жүн алган.
- Айылдык кеңешке 4 жолу депутат болуп шайланган.
- Ал Эмгек Кызыл Туу ордени, Эмгек ардагери медалы жана төш белгилер менен сыйланган.
- Жаныш уруусунан.
Колдонулган адабияттар түзөтүү
- Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9