Нанду
Нанду, америкалык төөкуш (Rheiformes) — жалпак төштүү куштардын түркүмү. Буту үч манжалуу. Канаты жакшы өөрчүгөнү менен учууга жарабайт, бат жүгүргөндө мойнун алга созуп, канатын жаят.
Тумшугу жазы. 2 түрү (кадимки Нанду жанa дарвин Нандусу) белгилүү. Кадимки Нандунун бийикт. 170 см, салм. 25 кгча, жүнү күрөң, кээде агыш. Түн. Американын чыгышында тараган. Дарвин Нандусу Перудан Патагонийге чейинки Анд тоолорунда шашайт. Алар өсүмдүк жанa майда онурткасыздар менен азыктанат. Аңчылыктан алардын саны азайган.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүКыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.