Наркескен түзөтүү

Кылычтын энчилүү аты. Наркескен СКВда Манастын кылычы экени төмөнкүчө айтылат: Мына ошондо зор Манас,
Жоо жарагын шайланып,
Кыргын салчу наркескен
Кылычын ичине байланып,
Арстандай чамынып,
Айкөл Манас артык шер
Казатка чыкты камынып (СК, 1.88)

Колдонулган адабият түзөтүү

Манас энциклопедия II., Манастын сюжети – ярупа. Бишкек, 1995