Наркоз (байыркы грек тилинен νάρκωσις — дудук болуу, селейип калуу; синонимдер: жалпы оорутпоо, жалпы анестезия) — атайын дары менен борбордук нерв системасына таасир этүүдөн болгон жасалма уйкудагы абал. Мындай уйкуну электр тогу жана гипноз менен келтирсе да болот.

Наркоз аппараты.

Наркоздун жүрүшү түзөтүү

Наркоздогу адам акыл-эсин жоготот, ооруну сезбейт, булчуң эттери бошоңдойт, рефлекстери басаңдайт. Наркоз убагында ооруу сезиминин жоголушу операция жасоого кеңири мүмкүнчүлүк түзөт. Аны организмге киргизүү жолуна жараша дем алуу жолу аркылуу, дем алуу жолунан тышкары берилүүчү жана электр наркозу болуп бөлүнөт. Дем алуу жолу аркылуу берилүүчү наркоз ингаляциялык наркоз деп аталат. Наркоздун бул түрүндө адамдын организмине наркозду пайда кылуучу заттар ар түрдүү жолдор менен (жыттатуу же кекиртекке түтүкчө сойлотуу аркылуу) өпкөгө киргизилет. Өпкөгө кирүүчү наркоз каражаттары алдын ала бууга айландырылып, андан кийин кычкылтек менен бирге аппарат аркылуу жыттатылат.

Наркоздун түрлөрү түзөтүү

Дем алуу жолунан тышкары жол менен берилүүчү наркоз вена кан тамырына, булчуң этке, тери астына, көтөн чучукка куюлат. Азыр булардын ичинен вена кан тамырына жана булчуң этке куюу жолдору кеңири колдонулууда. Мындан тышкары атайын аппараттын жардамы менен электр тогун баш мээнин кээ бир участкаларына таасир этип «электр наркозун» пайда кылууга болот.

Азыркы кезде наркоздун ингаляциялык жолу менен венага жиберүүнү айкалыштырган түрү колдонулат. Адегенде наркоз заты венага куюлат, оорулуу уктагандан кийин атайын түтүктүн жардамы менен дем алуу жолуна жиберип, ингаляциялык жолго өтөт. Азыркы анестезиологиянын жетишкендиктери өпкөгө, жүрөккө, мээнин ири кан тамырларына татаал операцияларды жасоого мүмкүндүк берди.

Наркозго колдонулуучу дары каражаттары түзөтүү

Дем алуу жолу менен берилүүчү наркоздо негизинен төмөнкү заттар колдонулат: Азот кычкылы (ЛГ20) — түссүз, жытсыз газ. Жогорку басым астында атайын темир баллондордо суюк түрүндө сакталат. Баллонду ачканда газга айланат. Денеге өпкө аркылуу киргизилет. Этил эфири—өзгөчө ачуу, дүүлүктүргүч жыттуу, түссүз суюктук. Жакшы күйөт жана жарылуу касиетине ээ. Ошондуктан азыркы убакта электр тогу менен иштөөчү аппараттар кеңири колдонулууда. Бирок эфир өтө күчтүү болгондуктан аны менен эч бир аппаратсыз эле терең наркоз берүүгө болот. Наркоз убагында ооруу сезими түк сезилбейт. Фторотан — бул түссүз, жагымдуу жыттуу суюктук. Сырткы чөйрөнүн температурасы 0° Сден жогору болсо газга айланат. Мунун таасиринен адам тез жана тынч уктайт.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8