Наркулов Чамаш (1921, Наманган уезди, Кара-Үңкүр айылы - 1996) - укук коргоо тармагынын көрүнүктүү ишмери, милициянын подполковниги, советтик милициянын отличниги.

  • Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу (1942-43).
  • Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин бүткөн (1971).
  • 1941-12-жылдары Шакафтар айылдык Кеңешинде катчы,
  • 1946-94-жылдары Ала-Бука, Караван райондук прокуратураларында тергөөчү, жардамчы жана улук тергөөчү, Сумсар шаарчалык милиция бөлүмүнүн начальниги, Ала-Бука, Жаңы-Жол, Кадамжай, Алай райондук милиция бөлүмдөрүндө начальник, айылдык Аксакалдар кеңешинин төрагасы болуп иштеген.
  • I, II даражадагы Ата Мекендик согуш, Кызыл Жылдыз ордендери,
  • 11 медаль, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун “Ардак грамотасы” менен сыйланган.
  • Райондук, айылдык Кеңештин бир нече жолку депутаты.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6