Наркул уулу Нурмолдо (1838) — азыркы ЖалалАбад Облусттук, Ала-Бука району,Кош-Терек айылы туулган. Нурмолдо-жазгыч жана төкмө акын, ойчул, агартуучу. Ата-теги хан ордолорунда, илим-билим борборлорунда, дин ислам изилдөөчүлөрүнүн арасында жашап өткөн аалым адамдар болгон. Атасы Наркул, ата-бабалары: Молдо Темир, Кара Кычкач, Молдо Кыргыз, Нурмуххаммат, Молдо Сайпидин, Абасхан, Чурчар, Аличур болгондугу айтылат. Н. 9 жашынан Кош-Терек кыштагында мечиттен сабатын ачкан. Окуткан молдо баланын өтө зээндүү жана идирек экенин байкаган, эки жылдан кийин Намангандагы Молдо кыргыз медресесине жиберип, медресеге талаба (студент) болуп кабыл алынат. Нурмолдо медреседе окуп жүргөндө эле ошол медресенин өзүнө сабак берип, мударистик кылат. Нурмолдо чыгармаларын кагазга түшүргөн жана төгүп ырдаган акын болгон. Совет доорундагы молдолордун, ислам илимпоздорунун артынан куугунтук жүргүзгөн мезгилде кол жазмалары жоголуп, мезгил каарынан чочулаган туугандары, урпактары атайылап жоготкон учурлары да.

.

СССР мезгилинде Нурмолдо жөнүндө атайлап каралашып, ар кайсыл жалаа жабышып,Жеңижок, Токтогул, дагы башкалар менен айтышканы гана эскерилип, ал да анын кемчил жагын көрсөтүү үчүн айтылчу. Эгемендүүлүк келгенден кийин «Замана», «Молдо кыргыз медресесиндеги ыр» (1997) аттуу чакан эки китеби жарык көргөн. «Замана» акын өзү жашоо кечирген заман туурасындагы ойчул ырларынан жана «Нурмолдо тууралуу» икаялар деген бөлүмдөрдөн турат. Экинчи китепте да өз доорундагы саясий-социалдык абалдарды чагылдырган «Замана» аттуу айрым ыры бар. Нурмолдонун бул ырдагы жана замандаш ырчыларды мүнөздөгөн чыгармаларындагы көз карашы Калыгул, Молдо Нияз, Молдо Кылыч жана башка акындардан айырмаланып, орустардын келишине карата оңчул мүнөздө экени даана көрүнөт. Нурмолдо тууралуу маалыматтарды К. Рыскулов топтогон. А. Какеевдин «Нурмолдонун философиясы», С. Байгазиевдин «Нурмолдо-XIX кылымдын тунгуч агартуучу-педагогу жана эне тилдин даанышман патриоту» (2005) деген эмгектери жарык көргөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү