Нарынбеков Аскар
Нарынбеков Аскар (20.02.1927-жылы туулган, Фрунзе) - жумушчу, Социалисттик Эмгек Баатыры (1966). Фрунзедеги нан комбинатында көп жыл эмгектенген. Ачыткы даярдоонун ошол учурдагы заманбап технологиясына салым кошуп, тажрыйбасын өз кесиптештерине үйрөткөн. 1965-жылы 48 миң сомдук сырьё үнөмдөп, жылдык иштөө нормасын 150%ке аткарган. Ленин ордени жана медалдар менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7