Нарын областтык музыкалык драма театры

Нарын областтык музыкалык драма театры М. Рыскулов атындагы 1939-ж. уюшулган.

1977-ж. СССР эл артисти Муратбек Рыскуловдун аты берилген. Ал Нарын колхоз-совхоз театры (уюштуруучусу М. Койчуманов) менен Жумгал колхоз-совхоз театры (уюштуруучусу жана жетекчиси А. Көбөгөнов) кошулушунан келип чыккан.

Алгачкы спектаклдери: «Токтогул» (Ж. Бөкембаев), «Саринжи-Бөкөй» (К. Эшмамбетов), «Күлүйпа» (К. Маликов), «Таш конок» (A. С. Пушкин) ж, б.; концерттик программалары да болгон. Анда А. Айдаралиев, А. Темиров, С. Андабеков, К. Карасартова, Ж. Сыдыкбекова, С. Сатыбалдиева, Ж. Самакова, М. Өмүрканова, С. Балкыбекова, С. Жумаев, С. Өмүралиев, Н. Турсунбаев, А. Жумабаев ж. б. артисттер иштеген. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарывда коюлган спектаклдери: «Орус адамдары» (К. Симонов), «Курманбек», «Өч» (К. Жантөшев), «Жаңыл» (К. Маликов, А. Куттубаев) ж. б. Театр 1948-ж. Каракол шаарына көчүрүлүп, кийин 1958-ж. кайрадан уюшулган. Театрда А. Урустенов, 3. Эсенкалиева, С. Чечейбаева, Т. Сариев, Г. Мамашева, К. Досмамбетова, Т. Жумакаева, К. Тагаев ж. б. иштешкен. Театр коллективин Ташкен театр институтун бүтүрүүчүлөр менен жергиликтүү таланттар жана 1962-ж. жоюлган Каракол, Жалалабат театрларынын артисттери түзгөн.

Режиссёр М. Назаралиев, Б. Ибраев, Э. Токтогулов, Р. Кемпирбаев, композитор Ж. Шералиев, сүрөтчүлөр С. Төбөев, А. Абдраев, Р. Шүкүрбековдун «Жапалак Жатласов», С. Кожониязовдун «Сүйбөгөнгө сүйкөнбө», К. Гольдонинин «Эки мырзанын малайы», В. Вишневскийдин «Оптимисттик трагедия», М. Каримдин «Ай тутулган түндө», Ж. Бөкөмбаевдин «Алтын кыз», Ж. Турусбековдуи «Ажал ордуна», У. Шекспирдин «Отелло», Ч. Айтматовдун «Кызыл жоолук кырчын талым», К. Жантөшевдин «Курманбек», Б. Жакиевдин «Миң кыял», Ж. Садыковдун «Жукеев-Пудовкин», Г. Гулямдын «Ташбалта ашык», Н. Давлесовдун «Аста-секин, колукту», Т. Абдумомуновдун «Ашырбай», «Атабектин кызы», У. Гаджибековдун «Аршин мал алан», Н. Гоголдун «Теюяерүүчү» ж. б. пьесаларды ийгиликтүү сахналаштырышкан.

Спектаклдер концерт менен коштолуп, гастролго чыгып турган. 1966, 1973-ж. Фрунзеде отчёттук гастролдо болушкан. Группада Кыргыз ССР эл артисти К. Медетбеков, Б. Алиев, Кыргыз ССР эмгек сиңирген артисти - А. Куттубаев, С. Чечейбаева, С. Көмөчов, эл артисти С. Аңдабеков, Т. Жумакаева, С. Сатыбаддиева, Д. Сариев, Г. Абдрахманова, А. Бердибаев, К. Карасартова, артисти А. Абдыласов, А. Дүйшеев, Э. Сатаров ж. б. бар (1979).

1977-жылдан театрдын башкы режиссёру Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер - Э. Токтогулов болгон. 1987-ж. театрга А. Сарлыкбеков башкы режиссёр катары Ч. Айтматовдун «Эрте жаздагы турналар», В. Шекспирдин «Отелло», «Король Лир», Д. Достоевскийдин «Кьшмыш жана жаза», Ж. Садыковдун «Жукеев-Пудовкинди эскерип» (бул спектакль үчүн режиссёр А. Сарлыкбеков СССР геатрлар конкурсунда Попов атындагы күмүш медалга татыктуу болгон) койгон. Башкы режиссёр М. Сагынбаев. 1990-ж. Т. Актановдун «Теңирим Манас», С. Раевдин «Күн кармаган бала», Ч. Айтматовдун «Чыңгызхандын ак булутун» койгон.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.