Наскеев Куралбек Молдокматович
Наскеев Куралбек Молдокматович (18. 10. 1947-ж. туулган, Үлгү (азыркы Кожомкул) кыштагы) - коомдук-саясий жана мамлекеттик ишкер.
- Мамлекеттин III класстагы кеңешчиси.
- Фрунзедеги политехника институтун бүтүргөн (1972).
- 1968-71-жылдары Фрунзедеги республикалык шаар аралык телефон станциясында электр оңдоочу, инженер болуп эмгектенет.
- 1972-80-жылдары Политехника институтта комсомол комитетинин катчысы, Свердлов райондук комсомол комитетинин 2-катчысы, Республикалык Борбордук комсомол комитетинде студенттик жаштар бөлүмүндө бөлүм башчы болуп иштейт.
- 1980-81-жылдары Компартиянын Фрунзе шаардык комитетинде инструктор, 1981-85-жылдары Граждандык авиация боюнча Кыргызстандагы башкармалыгынын партиялык уюмунун катчысы, 1985-90-жылдары Фрунзедеги контролдоп-өлчөөчү приборлор заводунда башкы ин-женер, заводдун директору болгон.
- 1990-96-жылдары Суусамыр айылдык кеңештин жана Суусамыр райондук кеңешинин төрагасы, Суусамыр айыл өкмөтүнүн башчысы кызматтарында эмгектенген.
- 1996-2000-жылдары Ош облустук мамлекеттик администрациясында губернатордун орун басары - аппарат жетекчиси, 2000-01-жылдары Чүй облусундагы Панфилов райондук мамлекеттик админстрациясынын башчысы - аким болгон.
- 2001-02-жылдары Кыргыз Республикасынын соода жана өнөр жай министрлигинде башкармалыктын башчысы, 2002-ж.
- Жалал-Абад облусунун мамлекеттик админстрациясында губернатордун орун басары - аппарат башчысы, андан кийин губернатордун биринчи орун басары болуп 2005-жылдын март айына чейин эмгектенген.
- 2005-жылдан Бишкек шаарындагы «Кыргызстан» өкмөттүк эмес пенсиялык фондунун башкы директору.
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы жана «Эмгектеги артыкчылыгы үчүн» медалы менен сыйланган.
- Чал уруусунан.
Колдонулган адабияттар түзөтүү
Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9