Насос-форсунка

Дизель күйүүчү майы интеграцияланган жогорку басым насосу

Насос-форсункадизель кыймылдаткычынын күйүү камерасына күйүүчү майды (отунду) керектүү өлчөмдө бүркүп туруучу агрегат.

Мында жогорку басымдуу отун насосу менен форсунканын сопло бөлүгү өз ара бириктирилген. Насосту жана форсунканы бир агрегатта жайгаштыруу насостун плунжери менен бүрккүчтүн тешикчелеринин ортосундагы күйүүчү майдьш көлөмүн азайтат, майды бүркүүнү жакшыртат. Насос-форсунка күйүүчү майдын көлөмүн жана бүркүү убактысын кыймылдаткычтын иштешине жараша өзгөртөт.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.