Наталья Владимировна Варлей (1947 жылы 22 июнда, Констанцада төрөлгөн) — советтик жана Орусиялык Театр жана кино актрисасы

Наталья Варлей
Наталья Варлей
Төрөлгөндөгү ысымы:

Наталья Владимировна Варлей

Туулган датасы:

22 -июнь 1947(1947-06-22) (76 жаш)

Туулган жери:

Констанца, Румыния

Жарандыгы:

СССР желеги СССР
 Орусия

Кесиби:

Актриса

Карьерасы:

1966 - Азыркы убакыт

IMDb:

ID 0890046

Биография түзөтүү

Варлей Наталья Владимировна 1947-жылы 22-июнда Румыния мамлекетинин Констанца шаарында жарыкка келген. Жаштайынан таланттуу, музыкага жакын өскөн Наташа үй-бүлөсү менен 3 жашында Москва шаарына көчүп келет. «Эсимде, бир жолу апам мени циркке алып барган. Кассанын жанында «11-13 жаштагы улан-кыздарды машыктырууга алабыз» деген жарнама илинип туруптур. Менин курагым жарыядагы талапка жооп бергендиктен эртеси үйдөгүлөргө айтпай барып, циркте жүрүп жаткан тандоодон өтүп кеттим. Жыйынтыгында Орус мамлекеттик цирк жана сахна искусствосу боюнча училищени аяктадым. Кийин циркте иштеп жүрүп «Күн желесинин формуласы» (орус. «Формула радуги») деп аталган тасмага тартылгам. Тилекке каршы, ал чоң экранга чыкпай калды. Мага атактуулукту алып келген тасма, албетте, «Кавказ туткуну» болду. Ага мен 500 кыздын ичинен тандалып алынгам. Анда мен 19 жашта элем, жыйырмага чыкпай туруп Советтер Союзунун жылдызы болгом» деп эскерет актриса.

Фильмография түзөтүү

Фильмография түзөтүү

 
Н. В. Варлей спектакль ойноо учурунда
  1. 1962 — Атасы жана кичинекей кызы жаңы жылдык майрам (к/м)[1]
  2. 1966 — Күн желесинин формуласы — медайым"
  3. 1966 — Кавказ туткуну же Шуриктин жаңы жоруктары — Нина

Жеке жашоосу түзөтүү

«Кавказ туткуну же Шуриктин жаңы жоруктары» тасмасы жарыкка чыккан соң Натальяны Владимир Тихонов сүйүп калат. Ал атактуу актриса Нонна Мордюкова менен «Жаздын 17 ирмеми» тасмасындагы Вячеслав Тихоновдун уулу болчу. 1971-жылы экөө баш кошушат. Жеке турмушу жөнүндөгү эскерүүлөрүндө Наталья жолдошу тууралуу мындай дейт: «Владимир мени аябай сүйгөн, мага жетүү үчүн 4 жыл бою эртең менен жумушка баратканымды көрөм деп мен жашаган көп кабаттуу үйдүн чатырында Түнөп жүрдү. Үйлөнгөндөн кийин ал мени ар бир дарактан кызганып айламды кетирчү». Түгөйлөр 1972-жылы уулдуу болгон соң эки ажырым жолго түшүшкөн. Ага чейин Наталья Николай Бурляев аттуу чыгармачыл мырза менен 3 жыл жарандык никеде жашаган. Актриса азыр жеке турмушун эл көзүнөн жаап-жашырууну туура көрөт. Коомчулукта «Актрисанын тун уулу Владимирден эмес, атактуу актёр Аркадий Райкинден төрөлгөн. Ал Владимирди жөн эле алдап турмушка чыгып алган» деген кептер айтылып келет.

Кыскача кызыктар түзөтүү

  • «Кавказ туткуну же Шуриктин жаңы жоруктары» тасмасына тартылуу үчүн купальникчен тасма талаасына чыгууга макул болгон.
  • Аталган тасмадагы трюктарды өзү аткаруу үчүн ал режиссёрду «мен каскадёрмун» деп алдаганын айтат.
  • Наталья: «Мени Нинанын образына байланып калганым кейитет. Бул роль мага атактуулук алып келгени менен, кийинки карьерамдын жолун тосуп койду»,- деп көп айтат.
  • Актрисанын атын жамынып бай кишилерден «мен Наталья Варлеймин» деп акча алган айымдар бир учурда аябай көбөйгөн. Жадакалса айрым алданган мырзалар чыныгы Натальяны кармап алып, «карызыңды бер» деп коркутушкан учурлар кездешкен.

Сыйлыктары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү

  1. Наталья Варлей. Я не боюсь любви (орус.). «Караван историй» (декабрь 2010). Текшерилген күнү 20 -июль (теке) 2014.