Натрий иодиди, NaI – түссүз кристалл, тыгызд. 3,665 г/см3, эрүү t 662оС. Жарыкта сактаганда абадагы кычкылтек таасиринен иод бөлүп чыгаруу менен окистенип, саргарат. Ным тарткыч, сууда жакшы эрийт, 20оС 100 г сууда эригичтиги 179,3 г. Н. и. Fe3I8 менен Na2CO3 ортосундагы орун алмашуу реакциясынан алынат. Медицинада дары-дармек катары колдонулат.

Натрий оксиди, Na2О – түссүз кристалл, тыгызд. 2,31 г/см3, балкып эрүү t 920оС, кайноо t 1350оС. Н. о. 180о С жогору болбогон температурада ысытылган натрий аркылуу эквиваленттүү өлчөмдөгү кычкылтекти өткөрүүдөн жана натрий пероксиди менен металл түрүндөгү натрий аралашмасын ысытуудан алынат. Н. О. суу менен өтө тез аракеттешип, натрий пероксидин пайда кылып, көп өлчөмдөгү жылуулукту бөлүп чыгарат. химимялык  өнөр жайда негизги маанилүү зат катары колдонулган натрий пероксидин алууда кеңири пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү