Натрий фториди, NaF – түссүз кристалл, туз, тыгызд. 2,79 г/см3, балкып эрүү t 9920С, кайноо t 16950С. Пайда болуу жылуулугу DН0298 = -136,0 ккал/моль. Сууда эригичтиги (%) 3,90 (200С). Гидролизге дуушар болгондуктан суу чөйрөсү щелочтуу. Н. ф. спиртте эрибейт. Кургак Н. ф. газ абалындагы суутек фторидин сиңирип алгандыктан, NaHF2 пайда кылат. Жаратылышта виллемит деп аталган минерал түрүндө, криолит курамында кездешет. Н. ф-н плавик шпаты менен соданы жана кремнеземди жогорку температурада бышыруудан, сода менен натрий кремнефторидин ажыратуудан жана натрий гидроксиди менен НF кислотасын бирге эритүүдөн алууга болот. Н. ф. курулуш иштеринде керектелүүчү жыгачтарды консервалоодо, а. ч. өсүмдүктөрү зыянкечтерине каршы күрөшүүдө жана сууну фторлоштурууда колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү