Натрий хлориди, туз, NaCl — түссүз кристалл, тыгызд. 2,16 г/см3, балкып эрүү t 801оС, кайноо t 141оС; пайда болуу жылуулугу DН0298 = - 98,20 ккал/моль. Сууда жакшы эрийт. Суу курамында башка туздар болсо; эригичтиги төмөндөйт. Суудагы каныккан эритмеси 108,8оС кайнайт. Төмөнкү температурада кристалл-гидрат NaCl·2Н2 О түрүндө болот. Көпчүлүк органикалык  суюктуктарда эрибейт. Жаратылышта галит (таш тузу) түрүндө кеңири таралган жана калың катмарларды түзөт. Көпчүлүк убакта калий, магний ж.б. металлдар туздары менен бирге кездешет. Көп өлчөмдө океан, деңиз, көл суусунун курамында болот. Таза түрүндөгү Н. х. анын суудагы эритмелерин буулантуудан алынат. Тамак-ашка негизги татымал, ошондой эле эт жана балык консервалоодо кеңири колдонулат. Кошумча азыктандыруучу зат катарында мал чарбасында керектелет. Көптөгөн туздарды алууда, башка химимялык  өндүрүштө сырьё катары пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү