Натрий цианиди, NaCN – балкып эрүү t 563оС, кайноо t 1497оС, сууда эрийт (36,8 % 20оС), спиртте начар эрийт. Натрий көмүр жана NH3 менен аракеттенишинен; СаСN2 көмүр жана NaCl(Na2СО3) менен аралашмасын ысытуудан, НСN щелочь менен нейтралдаштыруудан алынат. Гальван-техникада, алтын менен күмүштүү кенден циандоо ыкмасы менен бөлүүдө, нитрилдер өндүрүүдө колдонулат. к. Цианиддер.

Колдонулган адабияттар түзөтүү