Натуралдык катар – өсүү тартибинде жайгашкан бүтүн оң сандардын 1, 2, 3, 4, 5, ... удаалаштыгы. Натуралдык катардагы эң кичине натуралдык сан – бир. Математикада натуралдык катардын чексиз экендиги далилденген. Натуралдык катарда анын ар бир мүчөсү мурунку мүчөсүнөн бирге чоң. Натуралдык катардын ар кандай мүчөсү натуралдык сан деп аталат, к. Сан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү