Науру гербиНауру Республикасынын расмий мамлекеттик символдорунун бири. 1968-жылы көз карандысыздыгын жарыялангандан кийин кабыл алынган, расмий түрдө 1970-жылдардын башынан бери колдонулуп келүүдө.

Науру Республикасынын герби
Coat of arms of Nauru.svg
Науру

Бекитилген

19681968

Сүрөттөө түзөтүү

Наурунун Мамлекеттик герби үч бөлүктөн турган калкан сымал формада. Өрүлгөн алтын фондун жогору жагында, мурунку убактарда Наурунун экономикасынын негизин түзгөн фосфордун алхимиялык белгиси чагылдырылган. Өрүлгөн фон Науру элин чагылдырат. Астыңды бөлүгүндө (геральдиканын талабы боюнча гербдин үстүн жана астын иштеп чыккан тарап аныктайт) - океан толкундарынын үстүндөгү устунда отурган фрегат кушу, төмөнкү сол жакта көк фондо калофиллум гүлүнүн бутагы тартылган[1].

Калкан, уруу башчысынын салттуу атрибуттары болгон пальма жалбырактары жана фрегат кушунун канаттары менен курчалган. Он эки бурчтуу, ак түстөгү жылдыз Науру желегинен алынган. Жогору жагында жайгашкан тасмада жергиликтүү тилде өлкөнүн аты жазылган. Төмөнкү тасмада өлкөнүн улуттук урааны жазылган — God's Will First. («Кудайдын эрки биринчи»)[1].

Дагы окуңуз түзөтүү

Булактар түзөтүү

  1. 1.0 1.1 Coat of arms of Nauru (Наурунун герби) (англисче)

Тышкы шилтемелер түзөтүү