Нафтиламиндер — нафталинден алынган бирикмелер. -NН2тобунун нафталин циклинин кайсы көмүртек атомунда жайгашкандыгына жараша a жана b Н, деп бөлүнөт. a-нафтиламин (1-нафтиламин) балкып эрүү t 50°С, кайноо t 301°С болгон кристаллдык зат. Сууда начар, спиртте, эфирде, бензолдо, толуолдо, дихлорэтанда жакшы эрийт. Ал 1-нитронафталин Nа2S2- катышуусунда калыбына келтирүүдөн алынат. N-фенил-a-нафтиламин, пигменттер, азобоёктор синтездөөдө коддонулат. b-нафталамин (2-нафтиламин) балкып эрүү 1113°С, кайноо 1294°С болгон абада түсүн өзгөртүүчү крисгаллдык зат. Ал автоклавда, 130-150°С суу чөйрөсүндө NН3 менен SО2 өз ара аракеттенишинен алынат (Бухерер реакциясы 1903-1904-ж). b-нафтиламин боёкторду синтездөөдө колдонулат. Канцерогендүү зат. Ошондуктан азыркы мезгилде аны өндүрүүгө тыюу салынган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү