Неаполь опера мектеби
Неаполь опера мектеби – Неаполдо 17-кылымдын аягында пайда болгон композитордук жана аткаруучулук мектеп. Анда опера-серианын (А. Скарлатти жана башка) жана опера-буффанын (Ж. Перголези жана башка), жогорку вокалдык ыкма – белькантону өнүктүргөн түрлөрү калыптанган. 18-кылымдын 2-жарымында Неаполь опера мектебинин композиторлорунун чыгармачылыгында опера-буффа негизги орунду ээлеген.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7