НеварларНепалдагы (Катманду өрөөнүндө) эл. Айрым топтору Индияда жашашат. Саны 910 миң киши, анын ичинен 900 миңи Непалда (2000). Неварлардын бир бөлүгү кираттардын курамына кирет. Невар тилинде сүйлөшөт. Невар тили тибет-бирма тобуна кирет. Динге ишенгендери индуисттер, буддисттер. Неварлардын калыптанышына кираттар, таманг, ахирлер, личчхави, данувар, балами, пахарилер катышкан. Неварлар – байыркы Непал калкынын тукумдары. Индия тарыхый булактары боюнча биздин замандын 1-кылымында неварлардын Непал деген аталыштагы мамлекети болгон. Неварлар 13–15-кылымда улут болуп түзүлгөн. Неварлар бышкан кыштан салынган эки же төрт кабаттуу үйлөрдө жашап, дыйканчылык, мал чарбачылык (зебу, буйвол, эчки жана башка) жанакол өнөрчүлүк мененкесиптенишкен. Эркектердин салттуу кийимдери негизинен непалдыктардын кийимдерине окшош. Аялдары жээктери саймаланган юбка (гунью), узун жеңдүү, жакалуу кофта кийип, жамынма жамынат. Тасма кошуп өрүлгөн бир өрүм чачына, кулактарына , колдоруна кооздуктарды тагынышат. Тамак-ашы – негизинен күрүч, кара буудай мененжүгөрүдөн даярдалган нан, сүт азыктары жана жер-жемиштер. Майрам күндөрү эттен даярдалган тамактар (уйдун этин жешпейт) колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү