Невский Николай Александрович

Невский Николай Александрович (18. 2. 1892, Ярославль – 14. 2. 1945, Ленинград) – орус тилчиси, чыгыш изилдөөчүсү, филология илимдеринин доктору, профессор (1992). 1909-жылы Рыбин атындагы гимназияны, кийин 1914-жылы Санкт-Петербург университетин бүтүргөн. Ошол эле ун-тте окутуучу жана кытай, япон менеталарын карап чыгуу үчүн Мамлекеттик эрмитаждын нумизматика бөлүмүндө илимий кызматкер болуп эмгектенген. Бир жылдан кийин Япониядагы синтоизм менен иштеп, байыркы япон адабиятынын эстеликтерин, ошондой эле этнографияны, тилди, диалектологияны жана айндардын фольклорун изилдеген. 1922–29-жылга чейин Осакодогу чет тилдер институтунда, ошол эле учурда Киото университетинде орус жана айн тилдери боюнчаокутуучу болгон. Жергиликтүү говорлорду, жомок, легендаларды жыйнаган. Иштеле элек илимий темаларды, мисалы, тангут тили жана жазуусун изилдеген. Тангут мамлекети (982–1227) жана тангут жазуусу жөнүндө изилдөөлөрдү жүргүзүп, тангут жазуусунун ачкычын таап, тангут таануу илиминин өзүнчө тармак болушуна чоң салым кошкон. 1929-жылы Н. Ленинграддагы Хара-Хотодон табылган тангут коллекциясын изилдеген. 1935-жылы «Тангут жазуусу жана анын фондулары» деген илимий эмгегин жазган. 1960-жылы Тангут сөздүгү чыгарылып, ал эми 1962-жылы«Тангут филологиясы» аттуу 2 томдук эмгеги үчүн Лениндик сыйлык ыйгарылган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү