Негизги каражат – негизги капитал (өндүрүш имараты, курулма, машина жанажабдууга жумшалган чыгым); анын наркы жаңы чыгарылган продукцияга аз-аздан чегерилип, эскиришине жараша капиталдын бир нече иреттүү айланышында ишкерге акчалай кайтарылат. Ал өзүнө узак мөөнөттүү материалдык баалуулуктарды (жер ээлиги, кыймылсыз мүлк жана башка), финансылык салымдарды (баалуу кагаздар жана башка) жанаматериалдык эмес активдерди (патент, лицензия жана башка) камтыйт. Негизги каражаттын толук айланышы өндүрүштүн бир канча мезгилинин ичинде иш жүзүнө ашырылат, анткени ал өзүнүн иштей турган бардык мезгили үчүн авансаланат, ал эми анын наркы ишкерге белгилүү көлөмдө бөлүкчөлөнүп кайтарылып турат. ИТРдин өнүгүшүнүн натыйжасында Негизги каражаттын массалык түрдө жаңыртылышы жана кеңейиши байкалууда, к. Капитал.

Колдонулган адабияттар түзөтүү