Негиз – башка пикирлер менен идеялардын чындыгынын зарыл шарты болуп эсептелген пикир же идея: логикалык негиз же туюунун негизи.

Негизден идеяны тажрыйбанын мазмунунан же метафизикалык чындыктан көз каранды кылып койгон реалдуу Негиз айырмаланат.

Психологиялык Негиз (же мотив) каалагандай иш-аракеттин же жорук-жосундун субъективдүү шарты болуп саналат. Жетишээрлик негиздин мыйзамы (закон достаточного основания – prinsipium rationis suffisietis) бардык нерселер үчүн кандайдыр бир кубулуштун бар же жок экендигин мыйзамдуу түрдө баса белгилөө үчүн зарыл болуп эсептелген Негизди орнотот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү