Негритюд - (фр. negre - негр) - негроиддик элдердин этностук жана маданий-тарыхый жалпылыгын көкөлөтүүгө негизделген этномаданий улутчулдук концепциясы. 1930-ж. колониалдык эзүүгө жана расалык дискриминацияга каршы нааразылык жана Африка маданиятынын өзүнчөлүгүн, баалуулугун ордуна коюу формасы катары пайда болгон. Негритюд доктринасын француз колонияларындагы улутчулдук маанайдагы Антил жана Африка интеллигенттеринин өкүлдөрү - Э. Сезар (Мартинка), Л.С. Сенгор (Сенегал) Л. Далас (Франция Гвианасы) түзгөн. Анын негизин кара расаны эмансипациялоо, африкалык өзгөчөлүктөгү маданиятты реаблитациялоо идеялары практикасынын мүнөздүү белгилерине ээ болду Негритюд «Бийлик - караларга» деген «бирдиктүү» саясий кыймылдын туусу астында расалык жалган көз караштарга, улутчулдукка, жана «түстүү элдердин» өнүгүүсүнүн «өзүнчө» жолдору жөнүндөгү концепцияларга негизденген түрдүү «революция теорияларын» негиздөөгө кызмат кылган. Тропикалык Африка өлкөлөрүндө Сенгордун «африкалык социализм» концепциясы бир кыйла кеңири белгилүү болгон. Ага африкалык маданияттын салттуу баалуулуктарына азыркы батыштык «өнүгүү идеалдарын» ылайыкташтыруу модели мүнөздүү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү