Нейтрино
Нейтрино (итал. neutrino – нейтрондон кичине) – тынч абалда массасы электрон массасынан өтө кичине, магниттик моменти дээрлик жок, спини 1/2 ге барабар болгон электр нейтралдуу элементардык бөлүкчө (). Н. лептондорго, ал эми статистикалык касиети боюнча фермиондор классына таандык. Н-нун электрондук (), мюондук () жана таулептондук () деп аталган үч түрү бар, ошондой эле буларга ылайык анти-бөлүкчөлөрү белгилүү.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7